Биз социалдык тармакта

Ижарага берерде электен өткөрүңүз... Үйүңүздө баңгизат жасалып калышы мүмкүн

Бишкекке жакын Чүйдүн аймактарындагы үйлөрдө баңгизат жасоочу лабораториялар көп табылып жатат. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Каныбек Усенов билдирди.

Ал айтылган аймакта үй ижарага берип келгендерге кайрылып, сак болууга чакырды.

"Үйдү ижарага берип коюп эле кароосуз калтырбай текшерип тургула. Баңгизатты жасоодо көп шаймандар керектелет жана жыт чыгып турат. Ошондуктан оңой эле билсе болот. Шектүү нерсени байкасаңар милицияга кабарлагыла",- деди Усенов кечээ, 24-сентябрда ИИМде өткөн маалымат жыйынында.

Баңгизат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан