Чүйдө алтын куймаларды мыйзамсыз ташып жүрүүгө шектелип 56 жана 26 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат шектүүлөр кечээ, 24-сентябрда колго түшкөнүн белгилейт. Маалыматта алардын жанынан жалпы салмагы 3300 граммды түзгөн, баасы 40 миллион 512 миң 458 сомдук алтын куймалар табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.