Бүгүн, 25-сентябрдан тартып Мамлекеттик салык кызматы жаңы расмий сайт ишке киргизилгенин маалымдайт.
Жаңыланган https://sti.gov.kg/ сайты жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү, заманбап дизайны жана ыңгайлуу багыты менен айырмаланат. Сайттын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
"AiSalyk" виртуалдык консультанты — жасалма интеллект технологияларын колдонгон чат-бот. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.
Бюджет менен эсептешүүлөрдү текшерүү — эсептешүүлөрдүн абалы тууралуу маалыматты авторизациядан өтпөстөн эле сайттын башкы бетинен алууга болот.
Электрондук ресурстарга тез жетүү — сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, "Салык төлөөчүнүн кабинетине" жана башка сервистерге түз шилтемелер жайгаштырылган.