УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.
Атайын кызмат алар менен маектешүү 23-сентябрда болгонун белгилейт. Маалыматта алар мурда соттолушканы айтылат.
"Аларга Конституциянын, Кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптары түшүндүрүлүп, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине катышууга, аларга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле тиешелүү идеологияны жайылтууга жана үгүттөөгө жол берилбестиги белгиленди",- деп айтылат билдирүүдө.