Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) кысымга кабылып жатканын айтып даттанды. Бул тууралуу активисттин жубайы Белек Бактыбекова Facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал бул боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кайрылды.
"Бүгүн 25-сентябрда Ленин райондук сотундагы отурумда Тилекмат Кудайберген уулу СИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан кысымга кабылып жатканын, ар-намысын басмырлап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кемсинтишкенин айтып даттанган. Качанкыга чейин жабык жайлар боюнча маселе көтөрүлгөндө ЖАМК “чындыкка дал келбейт” деп кутула берет?
Качан мекемелер аралык жана Жогорку Кеңеш менен биргеликте комиссия түзүлүп, бир олуттуу териштирүү же текшерүү болот? Жабык жайларда кармалып турган адамдардын укуктарынын сакталышы мамлекеттик органдардын түздөн-түз жоопкерчилигинде. Качанкыга чейин жоопкерчиликке тартылбашына ишенген кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин уланта беришет?", - деп жазыда ал.
Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол убакта АКШда экенин айткан.
2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке кагып келет.