Бүгүн, 25-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International" жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап медициналык жабдууларды өткөрүп берүү маселеси талкууланды. Жалпы наркы 68 миллион 144 миң 792 сомдук жабдуулар 2026-жылдын башында жеткирилип, пайдаланууга берилген.
Жаңы жабдуулар менен бөлүмдө жасалган операциялардын санын жылына 1500-1800дөн 3000-3500гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.
Ошондой эле кызматташтыктын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь айылында 23 миллион 636 миң 841 сомдук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилгени белгиленди.