Биз социалдык тармакта

Чоң-Алайда алгачкы жолу Германиянын гибриддик жүгөрүсү өстүрүлдү 

Чоң-Алай районунда мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын чыңдоо максатында алгачкы жолу 3,5 гектар жерге Германияда селекцияланган KWS КАШМИР (ФАО 390) гибриддик жүгөрү үрөнү эгилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги маалымдады.

Жүгөрү үч бийиктик зонасында сыноодон өткөрүлдү. 3000 метр бийиктикте гектарынан орточо 30 тонна, 2600-2700 метрде 50-75 тонна, ал эми 2300 метрде 50 тоннага чейин чыктуу тоют алынган.

Агрономдор өсүмдүктүн өсүшүн, түшүмдүүлүгүн жана тоюттук сапатын жума сайын көзөмөлдөп турушкан. Алынган жыйынтыктар райондун ар түрдүү бийиктик зоналарында жүгөрү өстүрүү мүмкүнчүлүгүн баалоого негиз түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан