Биз социалдык тармакта

Европанын алдыңкы футбол лигалары ФИФАны реформалоого чакырды

Англия, Германия, Италия жана Испаниянын футбол лигалары Эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) башкаруу системин реформалоого чакырышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин УЕФА, Азия футбол конфедерациясы (АФК) жана КОНКАКАФ ФИФАнын коммерциялык долбоору — FIFA Forward Enterprise (FFE) боюнча сунушун жана уюмдун президенти Жанни Инфантинонун позициясын сынга алышкан.

УЕФА ФИФА өткөргөн турнирлерге, анын ичинде Дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн билдиргенден кийин Инфантино коммерциялык укуктардын бир бөлүгүн сатуу планы токтотулганын жарыялаган.

Европанын бир катар футбол ассоциациялары кийин Инфантинонун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Англия, Германия, Италия жана Испания лигаларынын биргелешкен билдирүүсүндө ФИФАда башкаруу боюнча түп-тамырынан бери реформа жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Лигалар ФИФАны чечим кабыл алууда кызыкдар тараптарга реалдуу роль берүүгө, чечимдерди фактыларга таянуу менен кабыл алууга жана уюмдун жөнгө салуучу функциясын коммерциялык ишмердигинен коргоого чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан