
Кадамжай районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматта окуя 20-июль күнү болгону айтылат. Анда 43 жаштагы жаран Үч-Коргон айылындагы көчөлөрдүн биринде Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен дарбыз сатып жаткан. Ал бир убакта уктап калып, кубаттагычта турган 18 миң сомдук Redmi Note 13 үлгүсүндөгү телефонун уурдаткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.