Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери төрөтү жакындаган аялга өз убагында жардам көрсөтүп, аны аман-эсен төрөт үйүнө жеткиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери аялдын абалын эске алуу менен жолдо коопсуздукту камсыздап, төрөт үйүнө чейин коштоп барышкан.
Кайгуул кызматындагылар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл учурда жардам көрсөтүү милиция кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири экенин белгилешти.