Бокс боюнча улуттук курама команданын капитаны Мунарбек Сейитбек уулу Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында медаль үчүн күрөштөн четтеди.
Кыргызстандык мушкер бүгүн, 25-сентябрда, 60 килограммга чейинки салмак ченинде рингге чыкты.
Ал 1/8 финалда Тажикстандын өкүлүнө каршы беттеш өткөрдү. Биринчи раундда калыстар атаандашына 3:2 эсебинде артыкчылык беришсе, экинчи раундда тажикстандык мушкер 5:0 эсеби менен жеңишке жетишти.
Жыйынтыгында кыргызстандык боксчу жеңилип, Азия оюндарында медаль үчүн күрөштөн четтеди.