Рим папасы Лев XIV Францияга болгон сапарында дүйнө куралдануу жарышынын жаңы этабына туш болуп жатканын айтты. Чет элдик басылмалар ал Парижден дүйнөдөгү мамлекеттерди бул боюнча сүйлөшүүлөргө үндөөнү өтүнгөн.
"Ядролук куралга ээ болуу коопсуздуктун кепилдиги деген жаңылыш ишеним барган сайын кеңири жайылып бара жатат. Бирок, чындыгында, ал көзөмөлдөө кыйын болгон жаңы куралдануу жарышын күчөтөт", - деген Рим папасы Елисей сарайында сүйлөп жатып.