АКШнын президенти Дональд Трамп ушул аптада Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага барууну кайрадан сунуштады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы булактарына шилтеме кылып жазды.
Маалыматка караганда, бул сунуш БУУда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда айтылып, украиналык лидер аны четке каккан. Басылмага Украинанын президентинин позициясы менен тааныш болгондор Трамптын бул маселени көтөргөнү аны капа кылганын айтышкан.