Бишкекте бычак менен жаракат келтирүүгө шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 10 күн мурун, тагыраагы, 16-сентябрда бычактан жаракат алып, ооруканада жаткан жаран боюнча маалымат түшкөн. Тергөө иштеринде шектүү жабырлануучу менен чырдаша кетип, аны ичке сайганы аныкталган.
Шектүүнүн үйүн тинтүүдө кылмыш учурунда колдонулган бычак табылган. Ошондой эле тергөөдө анын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экени такталган. Ал каткан жерлерден жалпы салмагы 175,25 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат каражаттары алынган.
Шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.