Бүгүн, 26-сентябрда, Бишкек шаарында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды.
Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, окуу жайдын эмгек жамаатын жана студенттерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы университет улуу мурастарды өркүндөтүү салтын улантып, кыргыз маданиятынын борборлорунун бири катары эл аралык деңгээлде татыктуу орун ээлешине тилектеш экенин айтты.
"Бул жерден билим алган жаштардын арасынан келечекте өлкөбүздүн атын дүйнөгө тааныткан чыныгы таланттар чыксын. Жаңы имараттын ар бир аудиториясында жаңы идеялар, жаңы чыгармалар жаралсын. Ар бир студенттин жолу шыдыр, ар бир устаттын эмгеги үзүрлүү болсун. Университеттин жаңы имараты куттуу болсун!" - деди өлкө башчысы.