Биз социалдык тармакта

8,5 миллиард сом бөлүнөт... Президент китептер менен камсыздоо боюнча жарлык чыгарды

Президент Садыр Жапаров жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкө башчынын администрациясы кабарлады.

Ага ылайык, китептерди басып чыгаруу жана комплекттөө боюнча комплекстүү систем түзүлмөкчү. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом бөлүнөт.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетине жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилген. Анын ичинде:

  • Министрлер кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссияны түзүү;
  • окуу адабияттарына белгиленген мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзүү жана баалоо;
  • жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга автордук курамды тандоо жана бекитүү;
  • конкреттүү регионго, мектепке, класска жана окуучуларга чейинки жолун байкоого мүмкүндүк берген уникалдуу QR-код менен ар бир окуу куралын жана окуу-методикалык комплексин маркалоону кароо менен жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуунун натыйжалуу механизмин жүргүзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан