
Өлкөнүн эркин күрөшчүсү
Рустамжан Кахаров Орусиядагы турнирде кооз күрөш көрсөттү.
Ал кечээ, 26-сентябрда Түштүк-Сахалинск шаарында өткөн эл аралык Professional Wrestling League (PWL Junior) турнирине 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, орусиялык балбан Абдула Багавудинов менен кез келди. Анда кыргыз балбаны 13:7 эсебинде жеңишке жетти.
PWL - ири эл аралык коммерциялык турнир болуп саналат. Дүйнөнүн эң күчтүү балбандарын бир аянтчага чогултуп, атайын тандалган жуптардын ортосунда жекеме-жеке өткөрө турган шоу-турнир.