Биз социалдык тармакта

Түштүк Африкада куралчандардын кол салуулары адам өлүмдөрү менен коштолду

Түштүк Африкада өлүмгө алып келген эки массалык атышуу болуп, кемимнде 27 адам каза болду. Биринчи каргаша кечээ, 26-сентябрда түнкү убакта болсо, экинчиси 27-сентябрга караган түнү болгон.

Чет элдик басылмалардын маалыматтары боюнча, биринчи окуяда автомат жана тапанча менен куралданган сегиз адам Йоханнесбургдун жанындагы барда ок чыгарган. Ал жакта 17 адам каза болгон. Анын 13ү эркек жана төртөө аял. Дагы 15 адам жарадар болгон. Кол салгандар бир нече адамдын телефондорун уурдап качып кетишкен.

Экинчи окуя Кейптаундун жанында болгон. Анда 10 адам каза болуп, 11 адам жарадар болгон. Эки окуя боюнча тең шектүүлөр кармала элек.

Түштүк Африкада куралчандардын кол салуулары адам өлүмдөрү менен коштолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан