Биз социалдык тармакта

Сербиянын президенти отставкага кетти

Сербиянын президенти Александр Вучич кызматынан кетти. Бул тууралуу жекшемби күнү чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, эми президенттин милдетин Сербия парламентинин төрайымы Ана Брнабич аткарат.

Буга чейин Вучич 27-сентябрда кызматтан кетүүнү пландап жатканын билдирген. Буга удаа басылмалар ал Сербиянын премьер-министри кызматына талапкер болууну көздөп жатканын жазышкан.

Александр Вучич Сербиянын президенти кызматын 2017-жылдын 31-майынан бери аркалап келген. Ал 2022-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланып, анын ыйгарым укуктары 2027-жылдын 31-майында аякташы керек болчу. Сербиянын Конституциясына ылайык, бир адам президенттик кызматка эки жолудан ашык шайлана албайт.

Сербиядагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 25-октябрга белгиленген. Аны өткөрүү тууралуу чечим 2025-жылдын декабрь айында өлкөдөгү узакка созулган нааразылык акцияларынан кийин жарыяланган. Нааразылык акциясына чыккандардын негизги талаптарынын бири парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү болгон.

Ал эми президенттик шайлоонун 1-туру ушул жылдын декабрь айында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан