Азия оюндарынын алкагында эркектер арасындагы волейбол боюнча мелдеш старт алды. Кыргызстандын улуттук курамасы тайпалык баскычтагы алгачкы оюнун Иранга каршы өткөрдү. Беттеште атаандаш команда 3:0 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстан Иран, Индонезия жана Таиланд менен бир болуп, В тайпасында жайгашкан.
Өлкөнүн намысын коргоп жаткан волейболчулар кийинки беттешин 28-сентябрда Индонезияга, ал эми 29-сентябрда Таиландга каршы өткөрөт.