1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда таза суу убактылуу берилбейт.
Мэриядан маалымдашкандай, суу берүү Калыс-Ордо-1 жана Калыс-Ордо-2 суу топтомосунда, ошондой эле шаардык суу түтүктөрү тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.