Биз социалдык тармакта

Түштүк Африкада эки куралдуу кол салуудан кийин 27 адам каза болду

Түштүк Африкада эки ичимдик ичүүчү жайга жасалган куралдуу кол салуудан кеминде 27 адам каза болуп, 26 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы билдиргенин чет өлкөлүк мааалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка карганда, 26-сентябрда Ведела шаарында куралчан адамдар көңүл ачуучу жерде ок чыгарып, 17 адамды өлтүргөн. Дагы 15 киши жаракат алган.

Ал эми 27-сентябрга караган түнү Кейптаунга жакын Лвандле аймагындагы жайда атышуу болуп, 10 адам каза болуп, 11 киши жаракат алган.

Полиция шектүүлөрдү издеп жатат. Азырынча эки кол салуунун тең себептери аныктала элек.

Түштүк Африкада эки куралдуу кол салуудан кийин 27 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан