
27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Долбоорго ылайык, аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда.
Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. 3-кабатта кирпич коюу иштери уланууда. 1- жана 2-кабаттарда дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.
Жнушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.