Кечээ, 27-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Маалыматты ӨКМдин аймактагы башкармалыгы тастыктады.
Өрттү өчүрүү иштерине жалпы 3 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 18:50дө чектөөгө алынып, бүгүн, 28-сентябрда саат 02:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Төрт жаран чыгымга учурады.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.