1-февралда Индонезиядагы жанар тоонун атырылып чыгышынан 14 адам көз жумду. Алар вулкандын ысык түтүнүнө туш болушкан.
Каза тапкандардын денеси Синабунг вулканына жакынкы айылдардан табылган. Набыт болгон 4 мектеп окуучусу вулканды көрүү максатында келгени аныкталды.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Синабунг – Суматра аралынын түндүгүндө жайгашкан жана 400 жылдан кийин кыймылга келип, 2010-жылы атырылып чыккан.
Мындан сырткары 2013-жылы январь айында да жарылган эле.