Социалдык тармактарда Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү тротуардын сапатсыз курулганын көрсөткөн видео тарады.
Видеонун автору жаңы төшөлгөн асфальтты колу менен эле сыйрып алганын көрсөтүп, тротуардын абалына нааразы болгон. Ошондой эле буту менен асфальтты сүргөндө укаланып жатканын байкоого болот.
Мындан тышкары, жол салынгандан көп өтпөй асфальттын арасынан чөп өсүп чыкканын белгилеген.