Биз социалдык тармакта

Бишкекте 80 жаштагы аял ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында 80 жаштагы чет өлкөлүк аял ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 28-сентябрда шаардык милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, шектүү 2017-жылы Б.Н. аттуу жаран чет өлкөлүк жаран менен биргеликте ЖЧК түзүшкөн. Чет өлкөлүк жаран андан 30 миң долларды 6 тонна дары чөптү жана 11 миң 500 долларды шприцтерди жеткирип берүү үчүн алып, из жашырган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция аталган адамдан жабыркаган жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга же 102 номерине кабарлоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан