Биз социалдык тармакта

Индиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан каза болгондордун саны 62ге жетти (видео)

Индиянын Уттар-Прадеш штатында 25-27-сентябрда катуу жаандан улам суу ташкыны болуп, кеминде 62 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, штаттын айрым аймактарында, анын ичинде борбору Лакхнауда 28-сентябрда мектептер иштеген жок. Жергиликтүү тургундарга суу каптаган аймактарга барбоо жана дарыяларга, суу объектилерине жакындабоо эскертилди. Метеорологдор жаан дагы 1–2 күн уланышы мүмкүн экенин билдиришти.

Коңшу Непалда болсо акыркы күндөрү суу ташкыны жана жер көчкүдөн кеминде 21 адам каза болду. Алардын арасында 26-августтагы ири суу ташкынынан кийин дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери дагы уланууда.

Индиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан каза болгондордун саны 62ге жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан