Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада 30 жаштагы келин сабалып каза болгону айтылууда

23-сентябрда саат 10:47 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери болжол менен 30 жаштагы аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун өздүгү такталып, 1992-жылы туулган жергиликтүү тургун экендиги аныкталды. Алдын ала кароодо денесинен бир катар жаракаттар табылды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 1988-жылы туулган жолдошу З.И. кармалганы кабарланды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен камакка алынып, учурда тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан