Биз социалдык тармакта

Холанд Улуттар лигасындагы голдорунун санын 22ге жеткирди

Норвегиянын футбол боюнча курамасы Улуттар лигасынын алкагында Португалия менен беттешүүдө. Оюндун 65-мүнөтүндө “Манчестер Сити” клубунун чабуулчусу Эрлинг Холанд эсепти теңеди.

Португалиянын дарбазачысы Диогу Коста Эдегордун соккусун кайтарган. Андан кийинки чабуулда Патрик Бергдин чыгарып берүүсүнөн кийин Холанд топту дарбазага киргизген.

Бул норвегиялык футболчунун Португалияга каршы карьерасындагы алгачкы голу болду.

Холанд Норвегиянын курамасында 57 оюн өткөрүп, 65 гол киргизген. Ошондой эле анын активинде 72 натыйжалуу аракет бар.

Португалияга каршы голу менен Холанд Улуттар лигасындагы голдорунун санын 22ге жеткирип, турнирдин тарыхындагы эң мыкты бомбардир бойдон калды.

Ал эми Криштиану Роналду аталган лигада 14 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан