Кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты эртең, 30-сентябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, коштошуу саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
Тамара Жаманбаева акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын апасы.
Эскерте кетсек, кечээ, 28-сентябрда маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тамара Жаманбаева 83 жашында дүйнөдөн кайтты.
SUPER.KG порталы Тамара Жаманбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.