Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн штаттык санын 2 миллион 441 миң 630 адамга чейин көбөйттү. Анын ичинен 1 миллион 550 миң 500ү аскер кызматкерлери. Бул тууралуу президент жарлыкка кол койгонун орус басылмалары жазышты.
Буга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык саны 2 миллион 426 миң 130 адамды түзүп, анын ичинен 1 миллион 535 миңи аскер кызматкерлери болгон. Жыйынтыгында аскер кызматкерлеринин саны 15 миң 500гө көбөйдү.
Ошондой эле Путин өкмөтгө аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүүгө байланыштуу Коргоо министрлигине федералдык бюджеттен керектүү каражат бөлүүнү карап чыгууну тапшырды.