Каракол шаарында атайын туристтик автобус каттамы ишке киргизилди. Бул тууралуу 28-сентябрда калаа мэриясы билдирди.
Эми саякатчылар шаардагы белгилүү туристтик объекттерге, тарыхый комплекстерге, музейлерге жана башка кызыктуу жайларга ыңгайлуу шартта жете алышат.
Алгачкы этапта каттам жумасына эки ирет уюштурулуп, туристтердин агымынын көбөйүшүнө жараша каттамдарды күн сайын жүргүзүү пландалууда.