Казакстандын айрым аймактарында жылытуу мезгили башталууда. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка караганда, жылытуу мезгили Повладар, Акмоло, Костонай, Түндүк Казакстан облустарында жана Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарында башталгандыгы белгилүү болду.
Аба ырайына жараша дагы 5 аймакка жылуулук берилүүсү күтүлүүдө, булар: Астана шаары, Актөбө, Атырау, Караганды жана Абай облустары.