Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч. Валиханов көчөсүндө жайгашкан боёк цехинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү 29-сентябрда түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дө алты күжүрмөн эсеп, автошаты жана штаб тартылган.
Өрт саат 17:57де чектөөгө алынган. Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоонун аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.