Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри Лорд Вернон Кокер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу 29-сентябрда өтүп, анда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар эки тараптуу байланыштардын динамикасына канааттануусун билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык, энергетика жана логистика тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорго британ тажрыйбасын жана инвестициясын тартуу маселелери каралды. Критикалык минералдар жаатындагы кызматташтыктын келечегине да көңүл бурулду.
Кулубаев санкцияларды мүмкүн болуучу айланып өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бул маалыматтарды Улуу Британиянын жетекчилигине жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык коопсуздук, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал талкууланып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында биргелешип иш алып барууга кызыкдарлык ырасталды.