Казакстан Европа үчүн 34 стратегиялык мааниге ээ болгон чийки заттын 21 түрүн өндүрөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын Handelsblatt басылмасына жарыяланган автордук макаласында билдирди.
Анын айтымында, Казакстан менен Германия 30 жылдан ашуун убакыттан бери стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп келет. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 9 миллиард долларга жакындаган. Казакстанда Германиянын капиталы катышкан миңден ашуун ишкана иштейт.
Токаев Казакстандын Германиянын рыногуна 80ден ашуун түрдөгү кайра иштетилген продукцияны кошумча жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Негизги перспективдүү тармактардын катарында металлургия, мунай-химия, тамак-аш өнөр жайы жана темир жол вагондорун өндүрүү аталган.
Өзгөчө маанилүү багыт катары минералдар белгиленди. Казакстан литий, кремний, кобальт, ниобий, вольфрам жана жез сыяктуу Европа экономикасы үчүн маанилүү чийки заттарды өндүрөт.
Президент германиялык компанияларга жөн гана чийки зат жеткирүүнүн ордуна, геологиялык чалгындоо жана казып алуудан тартып, кайра иштетүү, даяр компоненттерди чыгаруу жана материалдарды кайра пайдаланууга чейинки толук өндүрүштүк чынжырларды биргелешип түзүүнү сунуштады.
Энергетика тармагында да кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү чоң. Токаевдин маалыматына ылайык, Казакстан Евробиримдиктин мунай импортунун болжол менен 13 пайызын жана жаратылыш уранынын 20 пайызын камсыздайт. 2025-жылы Германияга 10 миллион тоннадан ашык мунай жеткирилген.
Транспорт тармагында Казакстандын ролу да белгиленди. Кытайдан Европага багыт алган кургактыктагы жүк транзитинин болжол менен 85 пайызы Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы аркылуу ташуулар быйылкы жылдын сегиз айында 22 пайызга өскөн.
Мындан тышкары, Токаев санариптештирүү, жасалма интеллект, кайра жаралуучу энергетика жана адистерди даярдоо багыттарында казак-герман кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Токаевдин пикиринде, эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү бири-бирин толуктап турат жана кызматташтыкты кеңейтүү Евразиядагы туруктуулук менен экономикалык өнүгүүгө салым кошот.