Бишкектеги санитардык полигондо төрт жерде өрт чыкты. Өрт кечээ саат 20:30дар чамасында башталып, түнкү саат 01:30да толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрт чыккан жерлерде автоунаалардын дөңгөлөктөрү топтолуп турган.
Окуянын чоо-жайын 29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге айтып берди.
Анын маалыматына караганда, алгачкы өрт чыккандан 15 мүнөт өткөн соң полигондун башка тилкесинде дагы өрт катталган. Учурда өрттүн себептери жана ага тиешеси бар адамдар укук коргоо органдары тарабынан аныкталууда.
Мэр полигондогу коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Аймакка кирүү чектелип, кошумча видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда.
Ошондой эле Жунушалиев журналисттерге таштанды кайра иштетүүчү заводдун ишин көрсөттү. Анын айтымында, завод штаттык режимде иштеп жатат.
Мындан тышкары, ишкананы кеңейтүү боюнча болжол менен 230 млн долларлык долбоор каралууда. Анын алкагында таштанды кайра иштетүү кубаттуулугун суткасына 2 миң тоннага чейин көбөйтүү жана 60 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүү пландалууда.