
Орусиянын Чебаркуль полигонунда "Манас" жаңырды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 29-сентябрда ЖККУ мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларынын алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлгөн. Иш-чарада машыгуунун катышуучуларына кыргыздын улуттук тамак-ашы тартууланып, музыкалык аспаптар көрсөтүлүп, концерттик программа уюштурулган.
Концерттик программада "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, Кыргыз жоокерлери Манастап ураан чакырышкан.