Кечээ, 29-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп жасалма интеллектти мындан ары "суперинтеллект" деп атоону сунуштады. Ал бул тууралуу Ак үйдө технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Жасалма интеллект" деген аталыш "чыныгы эмес" дегенди түшүндүрөт. Бул андай эмес. Бул - суперинтеллект",- деди Трамп.
Анын айтымында, жаңы аталышты бекитүү боюнча жарлыкка кол коюшу мүмкүн.