Бишкектин Туңгуч кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 29-сентябрда Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалым болгондой, жер казуу иштери (котлован) бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен казылган. Буга байланыштуу жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучу жаралып, коопсуздук талаптары бузулган.
Жыйынтыгында “МАЭК Строй” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Объекттеги иштер белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.