Бүгүн, 30-сентябрда Ливандын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, команда жолдоштук беттешке келди. Аларды Футбол биримдигинин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты.
Беттеш 4-октябрь күнү саат 20:00 Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.