Өлкө аймактарында 1-2-октябрь күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу 30-сентябрда ӨКМ билдирүү таратты.
Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар.
"Арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүнү сунуштайбыз",- дешти мекемеден.