Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында 29-сентябрда саат 18:10 чамасында жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, 21 жаштагы айдоочу Daewoo Matiz унаасын башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, жол жээгиндеги балдарды жана аялдарды сүзүп кете жаздады.
Жол кырсыгынан айдоочу жана жүргүнчү жаракат алган эмес.