Биз социалдык тармакта

Борбор калаада Сүймөнкул Чокморовду эскерүү кечеси өттү 

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында залкар актёр, сүрөтчү, коомдук ишмер Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Чокморов атындагы устаканада болуп, катышуучуларга "Кызыл алма" көркөм тасмасы көрсөтүлүп, музыкалык чыгармалар аткарылды. Ошондой эле келген конокторго залкардын басып өткөн жолу, тартылган сүрөттөрү жана архивдик материалдары тааныштырылды.

Эскерүү кечесине чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү, актёрдун жакындары Бегимжан Чокморова менен Элмира Чокморова катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан