Бүгүн, 30-сентябрда Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, борбор калаада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 21 адам жашайт. Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алган. Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан аларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлгөн.