Биз социалдык тармакта

Мэрия автобустар катышкан жол кырсыктары боюнча үн катты

Бишкек шаардык мэриясы 30-сентябрда калаада автобустар катышкан үч жол кырсыгы тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, кырсыктарга "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары күнөөлүү эмес.

Биринчи жол кырсыгы Айтматов проспектинде катталган.

"№9 каттамдагы автобус түндүк багытта, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке менен бара жаткан. Ошол учурда КИА үлгүсүндөгү жеңил унаа Сухомлинов көчөсүнө бурулуу үчүн автобустун алдынан өтүүгө аракет кылып, кагылышуу болгон. Анын натыйжасында автобустагы 18-20 жаштар чамасындагы жүргүнчү кыз жабыркап, шаардык ооруканага жеткирилген",- деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи жол кырсыгы Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №203 автобустун катышуусунда болгон.

"Жеңил унаа менен болгон кагылышуунун кесепетинен автобустун ичиндеги эки жүргүнчү - 45–50 жаштар чамасындагы аял жана 21 жаштагы кыз кулап, жаракат алган. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу медициналык мекемелерге жеткирилген",- деп маалымдады мэрия.

Үчүнчү жол кырсыгы Чүй проспекти менен Айдарбеков көчөсүнүн кесилишинде катталган.

№215 каттамдагы автобус батышты көздөй бара жаткан учурда экинчи тилкедеги жеңил унаа биринчи тилкеге өтүп, автобустун кыймылына тоскоолдук жараткан. Натыйжада автобустагы 30-35 жаштар чамасындагы аял жана анын 4-5 жаштагы баласы жабыркаган. "Тез жардам" кызматкерлери аларды жеринде текшерип, жабырлануучулар ооруканага баруудан баш тартышкан.

Бул фактылар боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мэрия Бишкектеги автобус кырсыктары боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан