Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы тургундар алма түшүмүн Казакстанга экспорттоп, сатууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда алар социалдык тармактарга кайрылуусун жарыялашты.
Алардын айтымында, экспорт маселеси айыл чарба продукциясын өткөрүүдөгү фитосанитардык талаптарга, тиешелүү документтердин болушуна жана чек арадагы текшерүүлөргө байланыштуу болуп жатат. Дыйкандар продукцияны Казакстанга мыйзам талаптарына ылайык чыгарууга шарт түзүп, өткөрүү жол-жоболорун жеңилдетүүнү өтүнүшүүдө.
Белгилей кетсек, Казакстанда 3-сентябрдан 31-декабрга чейин алма импорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Бул чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешелүү.