Кодулоо, басмырлоо, физикалык күч көрсөтүүгө карата жаза чегерүүнү сунуштаган мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова жазып чыккан.
Анда буллинг жана кибербуллинг үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан үч жылга чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Эгер эки же андан көп адамга кодулоо жасаса, анда жаран 100 миңден 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат же үч жылга абакка кесилет. Жабырлануучунун ден соолугуна залал келтирилгени аныкталса, анда айыпкер тарап үч жылдан жети жылга чейин абакка кесилет.
Мыйзам долбоорунда кодулоо жасаган адамдын аракетинде кылмыш-жазасына тартуу жосундары аныкталбаса, тагыраагы, жабырлануучуга зыян келтирилбесе да ага айып пул салуу сунушталат. Буллинг үчүн 5500 сом, кибербуллинг үчүн 7500 сом.