Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көрүнүктүү диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аза күтүү иш-чарасында анын кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленип, жакындарына көңүл айтылды.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштаган.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.